Прокуратура Сузакта окуучуну чөгөлөткөн окуяга тиешеси барларга чара көрүүнү сунуштады

Сузак районунда окуучу кызды чөгөлөтүп кечирим сураткан мугалимдерге карата чара көрүү сунушталды. Бул тууралуу 22-майда «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук прокуратурасы тарабынан аталган окуя боюнча текшерүү жүргөн.

Ага ылайык, райондук билим берүү башчысына тийиштүү кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү боюнча сунуштама жиберилген. Учурда сунуштаманы кароо алдында турганы айтылды.

19-майда соцтүйүндө бир нече адам окуучу кызды мажбурлап, маңдайында турган кыздан чөгөлөп кечирим сураткан видео тараган. Анда кыз ыйлап, «кечирип койчу, башка андай кылбайм» деп тизелеген.

Кийинчерээк окуя үстүбүздөгү жылдын 31-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде болгону аныкталган. Кызды кечирим суратууга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Билим берүү министрлиги бул боюнча билдирүү таратып, мектеп администрациясына, соцпедагог жана класс жетекчиге мыйзам чегинде жаза колдонууну милдеттендирген.

Аталган окуя боюнча «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова «Клоопко» «бул көрүнүш өлкөдө балдардын укугу бааланбай турганын тастыктады» деп айткан.

«Мамлекеттик мекеменин ичинде кыз баланы басмырлап, кадыр-баркын тебелеп, ага зомбулук кылып, тизелетип кечирим суратып мыйзам жол бербеген нерсени кылышты», — деген укук коргоочу.

Турдубекова окуучуну «жазалаган» мугалим ал менен бир мектепте жүрбөшү керектигин белгилеген. Ошондой эле ал өспүрүмдү «мындай жол менен жазалоо анын психикасына чоң сокку урарын» белгилеп, кызды реабилитациялык кароодон өткөрүү зарыл экенин кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Укук коргоочу: Окуучуну чөгөлөтүп кечирим сураткан окуя өлкөдө балдардын укугу бааланбай турганын тастыктады

Министрлик окуучу кызды тизелетип кечирим сураткандарга жаза колдонууну милдеттендирди