Баткен: Чек ара жаңжалында жолдошунан жана эки перзентинен айрылган эне жардамга муктаж

Өткөн жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик куралдуу жаңжалында жолдошунан, уулунан жана кызынан айрылган Кызыл-Бел айылынын тургуну Шайыр Жолдубаева аман калган үч кызы менен жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу 21-майда «Сереп Медиа» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 16-сентябрда ок жааган айылдан качып бараткан тургундар автокырсыкка кабылган — портер унаасы аскердик танк менен кагылышкан. Анын кесепетинен 12 адам каза тапкан — алардын арасында Жолдубаеванын жакындары болгон.

Ал эми аял үч кызы менен оор жаракаттарды алып, ооруканага түшкөн. Ал жакындарынан айрылганын бир айдан ашык убакыттан кийин, ооруканадан чыкканда билген.

«Мага аларды ооруканада деп айтышкан, сизге телефон болбойт деп сүйлөштүрүшкөн эмес. [...] Ооруканадан чыккан соң аларды айыгып чыгат деп күттүм. [...] Алар кырсык болгондо ооруканага жетпей эле каза болушкан экен», — деп сыздады ал.

Кырсыктан кийин Жолдубаева өзү майыптык алып, бир көзү ачылбай калган. Ал учурда аман калган 3 кызы менен Бишкек шаарындагы кайнисинин үйүндө убактылуу жашап жатат. Учурда ал коомчулуктун жардамына муктаж.

Жолдубаевага 0220 67 62 68 MBank эсеби аркылуу жардам көрсөтүүгө болот.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал убагында аткарылган жок. Жаңы жылда да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын болду. Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышкан.

24-февралга карата маалымат боюнча жаңжалда кыйраган 332 үй жаңыдан курулуп, колдонууга берилген. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтмөй болгон.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.