Сот Kaktus.media басылмасын «Вечерний Бишкекке» 1 миллион сом төлөөгө милдеттендирди

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media маалымат сайтына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу басылмадан билдиришти

Маалыматка караганда, отурумдун жүрүшүндө судья «Вечерний Бишкектин» доосун жарым жартылай канааттандырып, жоопкер Диля Родионовадан 500 миң сом жана «Промедиа Плюс» (Kaktus.mediaнын редакциясы) коомдук фондунан 500 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды. 

Сот буга чейин Kaktus.media сайтындагы гезит банкрот болгону тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт деп тапкан. 

Kaktus.media редакциясы соттун мындай чечиминин үстүнөн даттана турганын белгиледи. Мындан тышкары, басылманын маалыматы боюнча, судья чечимди тасмага жаздырууга тыюу салганын билдирди. 

«“Вечерний Бишкек” басма үйү» компаниясы 2023-жылдын январында  Kaktus.media’нын үстүнөн даттанып, Биринчи май райондук сотуна арыз жазган. Басылманы сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон. Басылмага карата коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзгөн.

«Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.media’нын сайтында 2022-жылдын 29-декабрда чыккан. Макалада «Вечерний Бишкек» 2023-жылдын 1-январынан тарта жабылары жана гезиттин акыркы саны чыкканы айтылган. Анткен менен Kaktus.media «Вечерний Бишкектин» электрондук версиясы ишин уланта берерин белгилеген.