Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия тапшырылды. Бул тууралуу 2-майда Мамлекеттик финансалык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, лицензияны «Гранд Казино» жабык акционердик коому алган. Аталган казинонун ишмердүүлүгүнө уруксат берүү менен мамлекеттик бюджетке 84 млн сом түшкөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, аталган ЖЧК 2022-жылы 14-ноябрда Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жеке менчик түрүндө катталган.

Анын негизги ишмердүүлүгү — башка жашаган жерлерден кызмат көрсөтүү болуп саналат. Компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов аттуу жаран.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Жапаров 2022-жылы июнь айында «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде казинолордон түшкөн акчага элдин жашоо шартын оңдоп, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын «жогорку деңгээлге көтөрөбүз» деп билдирген.

Экономика жана коммерция министрлиги үстүбүздөгү жылы 24-мартта оюн-зоок иштеринин түрлөрүнө салынуучу салык ченин азайтууну сунуштаган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөгө казино ойногоо келген чет элдиктер үчүн визаны жоюу сунушталды

Экономика министрлиги: Казино ачууга лицензиянын баасы 10 млндон 84 млн сомго чейин болот

Кыргызстанда эми казино ачса болот — президент мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров: Казинодон түшкөн акчага элибиздин жашоо шартын оңдоп алалы