Садыр Жапаров блогерлер менен жолугушту, бирок бул тууралуу айтылган жок

Президент Садыр Жапаров блогерлер жана айрым журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бир катар ЖМК жазып чыкты.

Мурдараак 22-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» президент жарандар менен жолугушуу өткөрөрүн тастыктаган. Бирок Султанбаев иш-чараны ЖМК өкүлдөрү чагылдырса болобу деген суроого болбойт жооп берген.

24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, аталган жолугушууда журналисттер менен блогерлерге көбүрөөк позитивдүү маалымат жазуу өтүнүчү айтылган. Бирок бул жолугушууга катышып келгенин айткан активист Бактыгүл Иманбек кызынын постуна ылайык, андай өтүнүч айтылган эмес.

«Президент, эч кандай позитив жазгыла деген жок. Болгону: “Баарыңар дебейин бирок, көбүңөргө тийиштүү. Соцтармактарда, кайсы бир саясатчыны, депутат, журналист, айтор сын айткандардын, негатив жазгандардын баары менен эле урушуп, аларды сөгүп кагып жатасыздар, ошол адатты токтотсоңуздар, сураныч”!» — деди президент деп жазды Иманбек кызы.

Активисттин айтымында, президент айрыкча, Мадумаров менен Атамбаевди жамандоону, ошондой эле алардын тарапташтары менен чатакташпоону суранган.

«Мейли, алар жамандаса дагы, алар тилденсе дагы аларга жооп берип убара тартпагыла да. Ынтымакка чакыргыла, жаман сөз айтса жакшы сөз менен жооп бергиле. Алар негатив жазса, силер позитив жазгыла. Урушуп, сөгүнүп, кагынып бөлүнүп эч пайда таппайсыңар. Бул менин жеке суранычым жана өтүнүчүм», — деп жазды президенттин айтканын Иманбек кызы.

Ошондой эле активист аталган жолугушууда эч кандай фейк, өзгөчөлөр же «дакансачылар» (соцтүйүндө президенттин тарапташтарын ушинтип аташат) болгон жок деп жазды.

«[Жолугушууда] президентти он жылдап, беш жылдап, жылдар менен соцтармактарда активдүү колдоп, жаман жакшы күндөрүндө жөлөк-таяк болгон чыныгы мекенчилдер жана алардын азыр да соцтармактарда активдүү колдоп жүргөндөрү болду. Апыртып жапыртыштын кажети жок. Баса… дагы бир баса белгилеп кетүүчү нерсе: силер ойлоп жаткандай, бука сойгон жок, чай берген жок, эч кимге чапан же чепкен жапкан жок», — деп жазды ал.

Өлкөнүн расмий адамдары блогер, активист жана журналисттер менен буга чейин дагы бейформал жолугушууларды өткөрүшкөн. Ушундай сыяктуу эле жолугушууну 2022-жылдын июлунда минкабдын башчысы Акылбек Жапаров дагы өткөргөн.

Ал жолугушуу тууралуу да алдын ала жана ЖМКга кабарланган эмес. Бирок «Клооп» аталган иш-чарага барып калып, минкабдын өкүлдөрү «Дасмия» ресторанындагы бул жолугушууну ачык чагылдыра башташкан.

Анда Минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» журналисттерди тандап чакырууну, калган ЖМКны башка күнү, кийинчерээк өтө отурган жолугушууга чакыралы дегенин айтып түшүндүрүшкөн. Бул бейформал жолугушуу Акылбек Жапаров менен интервью уюштурууну өтүнгөн журналисттердин суранычына жооп катары уюштурулган деп жооп беришкен.

Жолугушуу болору акыркы мүнөткө чейин ачык айтылбаганы менен Жапаров чакырган журналисттер дароо эле ресторанда тартылган сүрөттөрдү соцтармакка жүктөй башташкан.