Райондук сот Викрам Рузахуновдун казак ИИМне каршы доо арызын канааттандырган жок

Астана шаарынын Алматы райондук соту кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун ар-намысын, кадыр баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине карата доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Рузахунов Инстаграм барагына жазды.

Музыканттын жактоочулары Казакстандагы 2022-жылдын январь окуяларында Рузахунов тууралуу тараган маалыматты чындыкка дал келбейт деп табууну жана ИИМди эл алдында расмий кечирим суроого милдеттендирүүнү суранган болчу.

Рузахунов соцтүйүнгө тараткан маалыматына караганда, сот отурумунда Алматы Полиция департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Салтанат Азирбек көрсөтмө берди. Азирбек видео тасма тартылган кезде жабырлануучунун «дене-боюна залака келтирилгенин көрбөгөнүн, болгону бут кийиминин боосу чечилип жүргөнүн» айтты.

«2022-жылдын 8-январында алар "Алматы" телеканалынын кызматкерлери жана оператору менен Кошмамбет айылындагы кабыл алуучу жайга барып, кармалган төрт кишиден, анын ичинде Викрам Рузахуновдон сурамжылоо жүргүзүшкөн. Бардык материалдар Ички иштер министрлигинин жергиликтүү тармагы аркылуу берилген. Интервью алуу тапшырмасы оозеки айтылган, ким тарабанына берилгенин унутуп калган», — деп жазылды Викрам Рузахуновдун барагында.

Ошондой эле, сотко катышкан Казакстандын ИИМнин басма сөз кызматынын башчысы видеотасма кандайча телеканалдын колуна тийгенин «айта албайм» деп билдирген.

19-май күнү сот Викрам Рузахуновдун доо арызын толугу менен канааттандыруудан баш тарткан чечим кабыл алды. Макул эмес болсо, 10 күн аралыгында даттанууга болорун эскертти.

Рузахуновдун кармалышы

Коңшу Казакстанда 2022-жылы январдын башында нааразылык акциялары өткөн. Анда «Хабар 24» телеканалында 9-январь күнү бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.

Кыргызстандагылар ал музыкант Викрам Рузахунов экенин таанып калып чуу чыгарышкан соң музыкант 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.

Рузахуновду кыйноо иши боюнча кылмыш иши 10-февралда козголгон. Сентябрда музыкант Казакстандын Антикоррупциялык кызматынын чакыруусу менен жабырлануучу катары тергөөгө катышуу үчүн коңшу мамлекетке барып келген.

«Мага карата кыйноо жасалганы боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 10-февралында эле козголгон, ошондон бери кыйноого тиешеси барлар табылбай жатат экен. 8 айдын ичинде бийлик бир дагы оъективдүү иликтөө жүргүзбөдү. Ал тургай алар кыйноого кабылгандар таанып берген күч органдарынын кызматкерлерин да шектүү деп таппай жатышат, кыйноонун далилдерин болсо жабырлануучулар менен адвокаттарга бербей туруп эле жок кылып жатышат», — деп жазган музыкант.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт.