Сузакта өз кызын 10 жыл зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өз кызын 10 жыл бою зордуктаган киши өмүр боюга кесилди. Бул тууралуу 25-майда жабырлануучунун жактоочусу Мунара Акылбекова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, сотто зордукчуга тагылган айыптын баары далилденди.

«Тергөө мезгилинде 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди», — деди Акылбекова. 

43 жаштагы кишинин өз кызын зордуктоого шектелип кармалганы 28-мартта белгилүү болгон. Андан соң жабырлануучу журналисттерге зомбулук тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, атасы аны биринчи жолу жети жашында зордуктаган, анда апасы төрөтканада болгон. Андан кийин кылмышкер коркутуу менен кызын 10 жыл бою зордуктап жүргөн. Жабырлануучунун апасы 10 жылдан кийин гана кылмыш тууралуу билген.

ТЕМА БОЮНЧА: Сузак: 19 жаштагы кыз атасы 10 жыл бою зордуктап келгенин айтып берди