Сузак: 19 жаштагы кыз атасы 10 жыл бою зордуктап келгенин айтып берди

Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы кызды атасы 10 жыл бою зордуктап келген. Бул тууралуу 23-майда жабырлануучу «Азаттыкка» курган маегинде айтып берди.

Анын айтымында, атасы аны биринчи жолу жети жашында зордуктаган, анда апасы төрөтканада болгон. Аял үй-бүлөсүндө эмне болуп жатканын 10 жылдан ашык убакыт билген эмес.

«Атам “мен сени жакшы көрөм, ошого ушинтем” деп айтчу. Мен ошого ишенет болчумун. Мени атам жакшы көрөт экен деп ойлочумун. Азыр деле бүт нерсе көз алдымда. Жада калса түшүмө кирет», — деп көзүнө жаш алды ал.

Тергөө учурунда жабырлануучу зордуктоо боюнча 43 учурду айтып берген. Кыздын жактоочусу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылууда.

«Соттогулар адилеттүү чечим чыгарып беришин каалайт элем. Менин пайдама чечип бергиле деп айтпайм, бирок жок дегенде мыйзам чегинде жакшы карап берсе болмок да. Менин билишимче, акча менен бүтүрөбүз дегендер көп экен. Менин акчам жок, акча берип сотту да сатып ала албайм. Өмүр бою отурушу керек бул адам», — деп белгиледи жабырлануучу кыз.

Азыркы учурда иш Сузак райондук сотунун кароосунда. Жалал-Абад облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов «Клоопко» буга чейин тараптардын жарыш сөзүн угуу үчүн сот отурум өткөнүн билдирди. Кийинки отурум 25-майда болот.

Сузакта 43 жаштагы киши 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалганы тууралуу 28-мартта белгилүү болгон. Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: 43 жаштагы киши 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды