«Батуми» кафесин сүрдүрүү. Вице-мэр УКМКнын сурагына чакырылды

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Клоопко» өздүк булактар билдиришти. 

Маалым болгондой, вице-мэр Бишкектеги «Батуми» кафесинин сүрдүрүү иши боюнча чакырылган. Андан тышкары, суракка жабыркаган тарап дагы чакырылган. 

Бишкектин «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» ресторанын сүрдүрүү иштери 24-май күнү башталган. Анда жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев, «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барып жатканы айтылган.   

Ал күнү ЖМКда кафенин ээси Кадича Бечелова демонтаж иштерин баштаган атайын техниканын алдына түшүп, кафени өз күчү менен демонтаж кылып, жабдууларды алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок вице-мэр Нурдан Орунтаев «Батуми» кафесинин администрациясына эскертүү мөөнөтү 10 күн деп берилген, бирок кафенин ээси мэриянын билдирүүсүнө көнүл бурган эместигин айткан. 

25-майда «Батуми» кафесинин ээсинин адвокаттары Кайсын Абакирова менен Рустам Исаев вице-мэр Нурдан Орунтаевди кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканы жана соттун уруксатысыз чоочун бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына арыз беришкенин билдиришкен

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Батуми» тамактануучу жайынын ээси менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолуккан

УКМКдан билдиришкендей, Камчыбек Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырган. 

«Камчыбек Ташиев кандай гана жагдай болбосун, айрыкча карапайым жарандарга мыйзамсыз зыян тийгизбөө керек экенин эскертти», – деп УКМКнын билдирүүсүндө айтылган. 

«Батуми» кафеси буздурулуп жаткан жерге Ташиев барып, ээлери менен сүйлөшкөнүн адвокат Кайсын Абакиров дагы айткан. Ал чоочун бирөөнүн мүлкүн бузууга жол берген жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө УКМКга арыз жазганын белгилеген. 

Бишкек мэриясы кафе мыйзам чегинде бузулганын айтууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кафе ээлерине 17-майда имаратты ыктыярдуу демонтаждоо тууралуу билдирүү берилген, бирок алар талапты аткарбай коюшкан деп жооп беришкен.