УКМК: Вице-мэр Орунтаев «Батуми» кафесинин бузулушунан келтирилген зыянды төлөөгө даяр

Нурдан Орунтаев

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка барып, кайра келүү убадасы менен бошотулду. Ал «Батуми» кафесин бузулушунан келтирилген 3 млн сомдон ашуун зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Бул тууралуу 26-майда УКМКдан «Клоопко» билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына карата «Башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен кылмыш иш козголду.

Учурда тергөө иштери уланып, Орунтаевдин зыяндын ордун толтуруу жана кайра келүү убадасын эске алуу менен бошотулду.

УКМК тергөө учурунда «Батуми» кафесинин ээсинин муниципалдык менчикти пайдалануудагы мыйзам бузуусун да аныктады.

«Алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан», — деп жазылат комитеттин билдирүүсүндө.

Мындан бир күн мурда, көзөмөл органдын төрагасы Камчыбек Ташиев жеринен таанышуу үчүн «Батуми» кафесине барып, кызматкерлерине бул иш боюнча мыйзам алкагында толук кандуу тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

«Батуми» кафесинин бузулушу

Бишкектин «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» ресторанын бузуу иштери 24-май күнү башталган.

Анда мэриядан кафенин ээси «ижара келишимин узарткан эмес» деп түшүндүрүшкөн.

Ал эми «Батуминин» ээси документтери туура жана так экенин айтып, бузуу иштерин мыйзамсыз деп айтып ыйлаган. 25-май күнү анын адвокаты вице-мэр Орунтаев «президенттин уулунун атын жамынып, кафени соттун чечими жок бузду» деп, аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазганын айтып чыккан.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин уулу, Орунтаев жана Ташиев. «Батуми» кафесинин айланасында эмне болуп жатат?