Жапаров: Мигранттарга жумушка орношууда документти аралыктан толтурууга уруксат берүү керек

Президент Садыр Жапаров 25-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында эмгек мигранттары үчүн документтерди жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров миграция «төрт эркиндик» долбоорунун эң маанилүү багыты болуп саналарын белгиледи — капитал, кызмат көрсөтүү, жумушчу күчү жана товардын эркин жүгүртүү. Ошондой эле ал технологиялар ЕАЭБ жарандары жумушка орношкон учурда талап кылынган административдик жол-жоболордон өтүүсүн кыйла жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк бере турганын да кошумчалады.

«Жарандарга башка өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди электрондук форматта, анын ичинде жарандыгы болгон өлкөдө болуп жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл», — деп келтирди Жапаровдун айткандарын анын басма сөз кызматы.

Жапаровдун айтымында, Орусияда болуу үчүн кеткен жумушчунун өз өлкөсүндө өткөн медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын таануу биринчи кадам боло алат.

Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын мигранттары көп. 2023-жылдын мартында ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова ЕАЭБдеги эмгек мигранттарынын жалпы саны комиссия тарабынан 1,6 млн адам деп эсептелип жатканын, алардын көбү Кыргызстандын жарандарына туура келерин билдирген.