Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду

26-майда президент Садыр Жапаров мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыкта мыйзам бузууга жол берген мектеп директорлору жана мугалимдер жоопко тартылары эскертилет.

Минкаб, жергиликтүү администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик мектептерде акчаны мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Маалыматта ага карабай классты оңдоого, зарыл болгон буюмдарды сатып алууга ата-энелерден жыл сайын акча чогултуу практикасы уланып жатканы айтылат.

«Акча чогултуу окуучулардын ата-энелерине басым көрсөтүү жолу менен мугалимдер, ата-энелер комитеттери, коомдук фонддор аркылуу жүзөгө ашырылууда. Ата-энелердин “мектептин муктаждыктарына” деген мажбурланган төгүмдөрү үй-бүлөлүк бюджетке, биринчи кезекте көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор жүк болуп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, 27-мартта Билим берүү министрлиги мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноолор үчүн айып киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда акча чогултуулар үчүн 20 миң сом айып пул салуу сунушталган.

Министрлик мектептерде шыпыргы, тазалык, жууп-тазалоочу каражаттарды сатып алууга, күзөт жана башкаларга акча чогултууга «жол берилбеши» керектигин айткан.