Улуттук банк алардын атын жамынган шылуундар көбөйгөнүн белгилеп, элди сак болууга чакырды

26-майда Улуттук банк акыркы убактарда алардын жана башка финансылык уюмдардын атын жамынган шылуундар көбөйүп кеткенин билдирди.

Улуттук банктан социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу жарандарга финансылык жардам көрсөтүү боюнча көптөгөн маалыматтар сунушталып жатканын белгилешти.

«Элди ишендирүү үчүн Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө. Ошондуктан мындай учурларда өтө этият болууга чакырабыз», — деп эскертишти банктан.

Негизги банктан тургундарга расмий сайттарды гана колдонуу, такталбаган, күмөндүү шилтемелерди баспоо, жеке маалыматты, анын ичинде картанын номерин эч кимге бөлүшпөө, телефону же банк картасы уурдалган, жоголгон шартта, дароо банкка кабарлоо кеңешин беришти.

Улуттук банк буга чейин да шылуундардын көбөйүп кеткенин айтып, эскертүүлөрдү берип келген.