«Мурас» турнири: Садыр Жапаров 5 гол киргизип, командасы 3-орунду ээледи

Президент Садыр Жапаров баштаган «Президенттин командасы» футбол боюнча «Мурас» турниринде 3-орунду багындырды.

«Президенттин командасы»

Алар жарым финалда «Ден соолук» командасына жеңилип, 3-орун үчүн болгон беттеште «Коопсуздук» командасын 7:3 эсебинде утту. Аталган оюнда президент беш гол киргизди.

Ал эми жалпы турнирдин жүрүшүндө өлкө башчысы 11 гол киргизип, «Бомбардир» аталды. Кыргыз футбол союзунун жетекчиси Медербек Сыдыков президентке диплом жана алтын бутса түрүндөгү статуэтканы тапшырды.

Финалда «Ден соолук» жана «Спорттук Федерациялар» командалары кез келип, чемпиондук үчүн таймашышат.

Кезектеги «Мурас» достук турнири кечээ, 27-майда башталган. Салтка айланган мелдешке жалпы 16 команда катышып, төрт тайпага бөлүнгөн.

Бул төртүнчү турнир. Буга чейинки үчүнчү мелдеште «Президенттин командасы» чемпион аталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Садыр Жапаров FIFA’нын президенти менен футбол ойноду