Кыргызстандык жигит Казакстанда вебкам-студия уюштурган делип 12 жылга кесилди

Казакстандын Чымкент шаарында сот интернет аркылуу порнография жайылтуу менен алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун негиздөөчүсүн 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 29-майда казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, вебкам-студия 2021-жылдын июль айында аныкталган. Полиция кызматкерлери кыргызстандык беш жана жана казакстандык беш кишини кармаган. Алардын 44 миң долларга жакын акчасы, Алматыдагы кыймылсыз мүлктөрү жана баңгизат алынган.

«Алар кылмыштуу аракеттерине англис тилинен орус тилине которгон котормочу-операторлорду тартышкан. Онлайн порностудиялардын кардарлары чет элдик валютада төлөгөн башка өлкөнүн жарандары болгон. Кылмыштуу топту Кыргызстандын 25 жаштагы жараны уюштуруп, жетектеген», — деп белгилешти полициядан.

Тергөө учурунда ири шаарларда 10дон ашык вебкам-студия уюштурулуп, 50гө жакын кыз иштегени, арасында жашы жете электер да болгону аныкталган. Алар негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, келишимдүү кыздарды ишке алып, жакшы маяна убадалаганы айтылат.

Сот вебкам-студиянын уюштуруучусун үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга кести. Калгандары үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте компьютердик клуб түрүндө иштеген вебкам-студия аныкталды