Сузак: Акыркы коңгуроодогу салюттан окуучу жабыркап, мектеп жетекчилиги иштен алынды

Сузак районундагы Сайдулла Акбаров атындагы мектептеги «Акыркы коңгуроодо» болгон окуяга байланыштуу директор жана анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары иштен алынды. 25-майдагы иш-чарада пиротехника колдонулуп, бир бала бетин күйгүзүп алган.

«Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган», — дешти министрликтен.

@tikenek_kg25.05.2023

♬ оригинальный звук - Tikenek.kg

25-майда айрым басылмалар 7-класстын окуучусуна салют тийип, бети күйүп ооруканага түшкөнүн жазып чыккан. Баланын жакындары ал көзүнөн жабыркаганын айтышкан.

«Бүтүрүүчүлөрдүн бири пиротехникалык каражатты күйгүзүп жатканда 7-класстын окуучусу жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучунун жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы», — деп белгилешти билим берүү министрлигинен.

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында аталган мектепте окуучу кызды мажбурлап классташынан чөгөлөтүп кечирим сураткан окуя катталган. Билим берүү министрлиги мектеп администрациясына, соцпедагог менен класс жетекчиге мыйзам чегинде жаза колдонуларын билдирген.

Автору: Бурулсун Жумалиева 

ТЕМА БОЮНЧА:

Министрлик окуучу кызды тизелетип кечирим сураткандарга жаза колдонууну милдеттендирди