Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады. Жапаров куттуктоосун Фейсбук барагына жазды.

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти», — деп жазды Жапаров.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына ылайык, 28-майдагы шайлоонун экинчи турунда Эрдоган 52,14% добуш топтогон. Ал эми анын негизги атаандашы, оппозициялык «Улуттук альянс» бирикмесинин талапкери Кемаль Кылычдароглу добуштардын 47,86%ына ээ болгон.
Жапаровдон тышкары Эрдоганды жеңиши менен АКШнын президенти Жо Байден дагы куттуктады.

«НАТО боюнча эки тараптуу маселелерде жана жалпы дүйнөлүк чакырыктар боюнча өнөктөш катары биргелешкен иштерди улантууну чыдамсыздык менен күтөм», — деп жазды Байден Твиттер барагына.

Түркияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасында бир дагы талапкер шайлоочулардын 50%дан жогору добушун топтой алган эмес. Мындан улам президенттикке ат салышуунун экинчи айлампасы өткөрүлгөн.

Кезектеги шайлоодо дагы бир ирет жеңишке жеткен Эрдоган өлкөнү 2014-жылдан бери башкарып келет. Ал 2018-жылы өткөн шайлоодо да жеңип чыккан.

Тема боюнча окуңуз: Түркиядагы шайлоо: Алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган 52%дан ашык добуш алды