Кыргыз тилин жактагандарды «крокодил» деген профессорго сөгүш берилди

31-майда ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын башчысы Айнура Жоробековага «улуттук крокодилдер» деген сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилди. Бул тууралуу академиянын сайтында айтылат.

Жоробекованын сөзү «коомчулуктун намысына тийип, этикалык нормаларды бузган» деп табылды. Ректор Чинара Адамкулова Дипломатиялык академия ТИМге караштуу экенин белгилеп, мекеменин позициясын карманууга жана кызматкерлерди ар кандай жыйындарда сүйлөөдө этиканы сактоону эскертти.

Жоробекова конференцияда Кыргызстанда орус тилинин абалы жакшы экенин айтканын билдирди. Ал «улуттук крокодилдер» деген термин улут аралык жаңжалды козуткандарга карата колдонуларын айтып, сөзү коомдо нааразылык жаратканы үчүн кечирим сурады.

Буга чейин депутат Камила Талиева Айнура Жоробекованы «улуттук крокодилдер» деген сөзү үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирген.

Талиеванын пикиринде, Жоробекова кыргыз тилин жактаган кыргыздарды кроколдир деп атап «кыргыз элин шылдыңдаган». Ал академиянын профессорунун сөзү «Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесине кирерин кошумчалаган.

Ал эми спикер Нурланбек Шакиев бул окуяга «дароо реакция кылып», Тышкы иштер министрлигине териштирүү жүргүзүүнү тапшырганын билдирди. Анын пикиринде, Жоробекова тарабынан «кыргыз элине карата кечирилгис сөздөр айтылган».

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова 16-17-майда Орусияда өткөн «Валдай» клубунун Борбор Азия боюнча үчүнчү конференциясына катышкан. Жыйында ал Кыргызстанда орус тили канчалык жайылганын, анын ичинде, орус тилинде жана кыргыз тилинде окуткан мектептердин саны паритеттүү экенин айткан.

«Биздин улуттук крокодилдерге жакпаса дагы жогорку окуу жайларда орус тилинде окутуу үстөмдүк кылат, ошондой эле басма продукциялар, гезиттер, менимче ⅔ орус тилинде. Анан албетте бардык каналдар», — деген ал.

Жоробекованын сүйлөгөн сөзүнө соцтүйүндүн кыргыз тилдүү сегменти дароо реакция кылган.

Жоробекова ага карата сын-пикирлер айтыла баштаган шартта кечирим сурап, жарандар анын сөздөрүнүн маанисин туура эмес түшүнүп алышканын билдирген.