Тамчы: Дээрлик млн сомго курулган аялдамалардын ордуна 328 миң сомго жаңысы салынат

Президент Садыр Жапаров Тамчы шаарына 844,1 миң сомго эки аялдама кургандар зыяндын ордун эки эселеп толтуруп жатканын билдирди. Ал 30-майда Чолпон-Атадагы парктын ачылыш аземинде 328 миң сомго жаңы аялдама куруларын айтты.

Жапаров дээрлик миллион сомго курулган аялдаманы дааратканага салыштырып, жаңысы 5-июнга дейре курулуп бүтөт деп белгиледи.

«Мындай аялдаманы мен 40 миң сомго дагы эмес, 20 миңге эле курмакмын. 30 жылдан бери ушинтип “жеп” өнүкпөй келгенбиз. Бир нерсе курса дагы 5-10 жылдан кийин кулап калат, же болбосо жараксыз болуп калган. Бул аялдама дагы ушундай», — деди ал.

Тамчыдагы дээрлик миллион сомго курулган аялдама. Сүрөт: УКМК

Буга чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалган. Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгону белгилүү болгон. Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Автору: Бурулсун Жумалиева