Бир кадр менен: D Billions тобунун Ала-Тоо аянтындагы концертине он миңдеген адам келди

Бишкекте 1-июнда Ала-Тоо аянтында он миңдеген киши чогулду. Алардын баары Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган эл аралык фестивалга келгендер. Концерттик программанын негизги коногу D Billions тобунун коллективи болду. Алар бул күнү биринчи жолу өздөрүнүн шоу-программасын тартуулашты.

Кубанган бөбөктөр менен алардын ата-энелери дүйнөгө таанымал квартеттин хиттерине күбө болушту.

Аянтка жык толгон адамдардын канаттуулар учкан бийиктиктен тартылган сүрөтүн фотограф Нуралы Капар жарыялады.

Миңдеген адам D Billions’тун шоу-программасын күтүп турушат. Сүрөт: Нуралы Капаров

Биринчи жолу эл алдына чыгып талантын тартуулаган D Billions эми АКШнын 11 штатына жана Европа өлкөлөрүнө турнеге жөнөп кеткени турат.

D Billions — Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, контентин эл аралык аянтчаларга, көбүнчө YouTube каналына чыгарып келет.

D Billions’тун YouTube каналынын 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар. 2021-жылдын сентябрында D Billions YouTube’дун бриллиант баскычын алган алгачкы Кыргызстандык канал болгон.

Бүгүнкү күндө D Billions’тун ар башка тилдеги 16 каналы иштейт, алардын ичинде: французча, арабча, индонезия, португалча, хинди, корейче, кытайча, жапончо жана кыргызча бар.

Тема боюнча: «Өлкөнүн сыймыгы». Акылбек Жапаров D Billions тобун ардак грамота менен сыйлады