Сузак: Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басары, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин башкы адиси коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 2-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурууга шектелүүдө.

Атайын кызматтан белгилешкендей, аты аталган кызмат адамдары Ырыс айыл аймагынан жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилиши керек болгон бир катар жер тилкелерин жана айыл-чарба багытындагы жерлерди кызыкдар жактарга «акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу менен сатып жиберишкен».

Андан соң «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнүн жооптуу адамдары айыл өкмөттүн адамдары менен сүйлөшүп, жерге менчик укугуна мыйзамсыз актыларды түзүшкөн.

«Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде жолдордун, көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерлик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтан кызматкерлердин жашаган жана иштеген жеринде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттерин тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылганын кошумчалашты.

Бул факт боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы мартта, Чүй облусунун Сокулук районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин эки кызматкери кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоого айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар менен бирге уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Башпрокуратура «Кадастрдын» Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жетекчисин коррупцияга шектеп кармады

«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Чүй: Башка бирөөлөрдүн 64 гектар жерин басып алып, бөлүп сатып жаткан адам кармалды