Жүк ташуучу унааларга 28 градустан жогору ысыкта жолго чыгууга тыюу салынды

Кыргызстанда 1-июндан тартып жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы колдонуудагы авто жолдордогу кыймылына чектөө киргизилди.

Транспорт министрлигинен жүк ташуучу унаалар эгер абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин жолго чыга алышпасын билдиришти.

Бул чечим жалпы колдонуудагы унаа жолдордун бүтүндүгүн камсыздоо, ошондой эле алардын пайдалуу мөөнөтүн көбөйтүү макстанды кабыл алынганы белгиленди.

Чектөө жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардам, тез бузулуучу азык-түлүк продукцияларын, жүктөрдү, анын ичинде оор жүктөрдү ташыган машиналарга жайылтылбайт.

Транспорт министрлиги чектөө 2023-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болорун билдиришти.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт коюлду