Бир кадр менен: Садыр Жапаров түрк президенти Эрдогандын инаугурациясында

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен түрк президентинин инаугурациясына катышты. Бул тууралуу 3-майда өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Салтанатта Эрдоган сөз сүйлөп, андан соң бардык жогорку даражалуу конокторду расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Түрк лидеринин инаугурациясына Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын да президенттери катышты. Салтанатка жалпы 21 өлкөнүн президенти жана 13 өлкөнүн премьер-министри конок катары чакырылган.

28-майдагы өткөн президенттик шайлоодо Эрдоган добуштардын 52,14%ын алып алдыга чыккан. Ал эми анын атаандашы, алты партиядан турган оппозициялык «Улуттук альянстын» талапкери Кемал Кылычдароглу 47,86% добушка ээ болгон.

3-июнда Эрдоган жана парламенттин жаңы курамынын депутаттары ант берип, кызматка киришти.

Түркияга кайрадан президент болуп шайланган Эрдоган — өлкөнү 21 жылдан бери башкарып келе жаткан «Адилет жана өнүгүү партиясын» (АК Parti) жетектеп келет. Ал 2014-жылы Түркиянын он экинчи өлкө башчысы болуп шайланган. Буга чейин ал Стамбул шаарынын мэри болгон, ошондой эле премьер-министрлик кызматты аркалаган.