УКМК: Ноокат районунда 65 гектардан ашык жерди менчикке мыйзамсыз чыгарган кызмат адамдары кармалды

Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жер тилкелерин мыйзамсыз берип жиберген кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу 5-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар Жаңы-Ноокат жана Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан 65 гектардан ашык айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкен.

Атайын кызматтан белгилешкендей, мекеменин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан 2-июнда «Пара берүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Иштин алкагында райондук мекеменин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана жетектөөчү адис УКМКнын кызматкерине 200 миң сом пара берип жатканда кармалды.

Шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин, 2-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басары, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин башкы адиси коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалышкан.

Кылмышка шектелип кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурууга шектелүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Башпрокуратура «Кадастрдын» Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жетекчисин коррупцияга шектеп кармады

«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды