Ош шаарындагы мектепке 2,7 млн сомго футбол аянтчасы курулду

Ош шаарындагы Ленин орто мектебине 2,7 млн сомго футболдук аянтча курулду. Бул тууралуу 5-июнда «Клоопко» Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Маалыматка ылайык, футбол аянтчаны курууга Ош шаардык мэриясынын казынасынан каражат бөлүнгөн. Футболдук аянтча жалпы 800 чарчы метрди түзөт. Анын узундугу — 40, ал эми туурасы — 20 метр.

Учурда футбол аянтчанын курулушу толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди.

Буга чейин шаар бийлиги Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоо иштери башталып, ага шаардык казынадан 25 млн сом бөлүнгөнүн билдирген. Стадиондун көрүүчүлөргө арналган отургучтары бүлүнүп, начар абалда экени буга чейин айтылып келген.

Стадион 2019-жылы ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашевдин демилгеси менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. Сарыбашев өкмөттөн 12 млн сом бөлүнгөнүн билдирген, бирок көп өтпөй оңдоо иштеринин жыйынтыгы сынга кабылган. Калаа бийлиги муну суук аба-ырайына байланыштырып, кайра оңдогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун «Алай» футбол клубуна казынадан бөлүнгөн 19,5 млн сом чыгымдарын актабайт

Оштогу футбол аянтчасынын ачылышында үшүгөн балдар: Окуя териштириле баштады