Оштогу футбол аянтчасынын ачылышында үшүгөн балдар: Окуя териштириле баштады

Видеодон скриншот

Ош шаарындагы футбол аянтчасынын ачылыш аземинде суукта жука кийинген балдардын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чара 10-декабрда болгон. Анда суукта спортчу жаш балдар жеңил кийинип турушкан, ошол эле учурда ачылыш аземине катышкан аткаминерлер жылуу кийимде болушкан.

Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Кыргыз футбол союзунун жетекчиси Медербек Сыдыков жана шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышкан.

Соцтармактын колдонуучулары «балдарды суукта жеңил кийинип турууга мажбурлашкан» деп сындашкан.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» балдар ал күнү «термо кийимде болгон» деп белгиледи.

«Иш-чараны “Алай” футбол клубу уюштурду. Аларга айтсам, “бул катардагыдай эле көрүнүш, ал жерде термо кийим берилет, күндө эле ушинтип машыгуу жасашат, мунун эч кандай коркунучу жок” дешти. Анда өзүңөр билгиле дедим, эртеси иш-чара болуп өттү. Мен өзүм деле кечээ ошол жаңы аянтчанын жанынан өтүп баратып, балдардын так ошол күндөгүдөй эле термо кийим менен көнүгүү жасап жатышканын өз көзүм менен көрдүм», — деди Жээнбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Жалал-Абадда Нооруз майрамына карата аянттагы иш-чарага жука кийимчен окуучулар тартылган

Борбор Азия башчыларын тоскон кыздардын кийими: Инфочуубу же көйгөйлүү маселеби?