Арча-Бешик: Таза суунун жоктугунан улам тургундар жол тосуп, кийин каттам жанданды

7-июнда Бишкектеги Арча-Бешик конушунун тургундары таза суунун жоктугунан улам Абсамат Масалиев көчөсүнүн түштүк бөлүгүн жаап салышты. Алар бийлик өкүлдөрүнөн маселени чечип берүүнү талап кылышты.

BesperedelKG телеграм-каналына жарыяланган видеодон тургундар жолду тосуп, унаа тыгыны жаралганын көрүүгө болот. Тасмага тартып жаткан киши «көп жылдан бери мындай нерсе болгон эмес» деп белгиледи. 

Ал эми Бишкек шаардык милициясынан саат 17:30 чамасында 35ке чукул тургун жолду тосуп алганын тастыктап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң каттам жанданганын белгилешти.

Арча-Бешик конушунун тургундары таза суу көйгөйү бар экенин буга чейин эле айтып чыгышкан. Ушундай эле көйгөй Бишкек жана анын тегерегиндеги конуштарда эле эмес, Сокулук районундагы аймактарда да бар экени айтылган.

3-июнда Бишкек шаардык мэриясы калаадагы ичүүчү суунун кескин тартыштыгынан улам сууну көп сарптаган жалпы 15 мончо, унаа жуучу жайды убактылуу жапкан. 6-июндан тарта калаа башчылыгы шаардын түштүк аймагына түнкүсүн таза сууну берүүнү токтоткон.

Мэриядан акыркы жылдарда калкты таза суу менен камсыздоо негизги маселе болуп жатканын белгилеп, бир адам үчүн суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өскөнүн билдирген. Суунун тартыштыгына мөңгүлөрдүн жай эриши да себеп болуп жатканы айтылган.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айдын ичинде чечилерин айтып, кийинки жылы маселе чыкпагыдай аракет жүрүп жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте таза суу тартыш болуп, жалпы 15 мончо, унаа жуучу жай убактылуу жабылды