Эгер ушундай боло берсе эл көчөгө чыгат — Бекешев калаадагы суу тартыштыгы тууралуу

Парламент депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында Бишкекте таза суунун тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү жагдай күн сайын оорлоп баратканын белгиледи. 

«Бир дагы жылыш жок. Же өкмөт карабайт же мэрияда отурум болбойт же жакшы кенен маалымат берилбейт, качан көйгөй чечилет деп. Же көйгөй өзү менен өзү чечилбейт, тескерисинче, оор болуп жатат күндөн күнгө. Бул маселени Жогорку Кеңештен уксакпы, мэрди чакырып? Мындай бара берсе, анда эл дагы ушул суу боюнча [көчөгө] чыгат да эми. Чыгат сөзсүз, бизге эле келет», — деп Бекешев төрага Нурланбек Шакиевге кайрылды. 

Парламентке Бишкектин мэрин чакыруу керектигине Бекешевдин башка бир нече кесиптеши дагы макул болду. Бирок спикер депутаттардын негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин эскертип, мындай маселелерди фракциялардын жана комитеттердин жыйындарында кароого чакырды. 

Бир канча талаш-тартыштан кийин Шакиев Бишкектин мэрин 8-июнда парламентке чакырганга макул болду. Ал эми калаанын мэри, спикердин маалыматы боюнча, 7-июнда иш сапары менен Сочиге кетип жатат. 

Бишкекте күн ысып баштагандан тартып таза суу берүүдө кыйынчылыктар жарала баштаган. Айрыкча суунун тартыштыгы калаанын түштүк бөлүгүндө байкалып жатат, 6-июнда «Бишкексууканал» ишканасы калаанын түштүк бөлүгүнө түнкү убакытта таза суу берүүнү токтотуп турууга мажбур болуп жатканын билдирген.

Шаар бийлиги суу жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү аны керектөөнүн жана абоненттердин саны өскөндүгү, сууну сарамжалсыз пайдалануу, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суунун деңгээли төмөн болуп жаткандыгы  менен түшүндүрүүдө.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жургалбек Шамыралиев 5-июнда шаарда сууга байланышкан жагдай бир айдын ичинде турукташып каларын билдирген.