«Мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык» иши: Кармалган беш адамдын төртөө ТИЗОго киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту «мамлекеттик төнкөрүш» жасоого шектелип кармалган беш адамдын төртөөсүн УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Соттун маалыматы боюнча, тергөө изоляторуна И.Г.С., М.А.Д., Д.Т.А. аттуу шектүүлөр жана «Элдик Кеңеш» саясий партиясынын башчысы Роза Нурматова киргизилди. Алар 2023-жылдын 21-июнуна чейин камакта болушат. 

С.Ч.М аттуу бешинчи шектүүнү сот 2023-жылдын 21-июнуна чейин үй камагына чыгарды.

24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, кармалган И.Г.С. аттуу жаран «Чек ара» коомдук уюмунун мүчөсү Гулжигит Исаков. Ал эми С.Ч.М аттуу жаран КУУнун мугалими — Чолпонбек Сыдыкбаев. 

«Мамлекеттик төңкөрүш» иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 5-июнда атайын операция жүргүзүп, «массалык башаламандык уюштурууга» шектелген топтун 30 мүчөсү мекемеге алып келинип, алардын ичинен бешөө кармалганы белгилүү болгон. 

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар өлкөдө «бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык жана баш ийбөөчүлүк акцияларды уюштурууну көздөгөн». 

Ошондой эле УКМК кармалгандар жыл бою «өлкө боюнча эң эле нааразы жарандарды өз катарына азгыруу жана тарапкерлерди тартуу» боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келгенин айткан. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр жакынкы арада «уюштуруу иштердин төлөмүнө жана негизги кызмат көрсөткөн адамдарга сыйлык акыларды төлөп бериш үчүн чет элдик булактардан ири суммадагы акча каражатын күтүп жатышкан». 

Алар өз пландарынын ишке ашыруунун автивдүү фазасын, УКМКнын маалыматы боюнча, «коомдо кайсы бир окуяга карата нааразычылык жаралары менен ишке ашырууну көздөшкөн».