Тамчы: Дээрлик миллион сомго курулган эки аялдаманын ордуна жаңысы салынды

«Тамчы» аэропортунун маңдайына курулган аялдаманын мурдагы жана кийинки көрүнүшү. Сүрөт президенттин фейсбук барагынан алынды.

Ысык-Көлдөгү «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы дээрлик миллион сомго курулган эки аялдаманын ордуна 351 миң сомго жаңылары салынды. Бул тууралуу 11-июнда президент Садыр Жапаров фейсбук барагында билдирди.

Өлкө башчысы мурдагы «дааратканадай болгон» аялдамаларды 844,1 миң сомго айыл өкмөтү курдурганын айтып, каражат «Кумтөрдөн» бөлүнгөнүн белгиледи. Ал бул боюнча мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү берди.

«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт», — деди ал.

Талас шаарына курулган балдар ойноочу аянтча. Сүрөт президенттин фейсбук барагынан алынды.

Ошондой эле Жапаров Талас шаарына балдар ойноочу аянтча курууга 4 миллион 880 миң сом сарпталганын айтып, «ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти» деп суроо салды. Ал бул ишке тиешеси барлар кармалып, зыяндын орду толтурулганын кошумчалады. Президент аянтты эми өздөрү көзөмөлдөп курдурууну убадалады.

20-майда «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалган. Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгону белгилүү болгон.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк Жапаров аялдаманы кургандар зыяндын ордун эки эселеп толтуруп жатканын билдирген.