Таза суу көйгөйү: Мэрия Арча-Бешик конушуна кошумча таза суу линиясын куруп жатат

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушуна жаңы таза суу линиясы курулуп жатат. 10-июнда курулуш иштери менен калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров таанышты.

Маалыматка ылайык, диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө.

Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 метр линиялык траншеяга 856 метрге жакын түтүк төшөлүп, топурак толтуруу иши жүрүүдө. Учурда 856 метр суу түтүгүн тартуу иштери аяктады — жиринде 10 даана атайын техника иштөөдө.

Буга чейин, Арча-Бешик конушунун тургундары таза суу көйгөйү бар экенин айтып чыгышкан. 7-июнда конуштун тургундары таза суунун жоктугунан улам Абсамат Масалиев көчөсүнүн түштүк бөлүгүн тосуп, бийлик өкүлдөрүнөн маселени чечип берүүнү талап кылышкан.

3-июнда Бишкек шаардык мэриясы калаадагы ичүүчү суунун кескин тартыштыгынан улам сууну көп сарптаган жалпы 15 мончо, унаа жуучу жайды убактылуу жапкан. 6-июндан тарта калаа башчылыгы шаардын түштүк аймагына түнкүсүн таза сууну берүүнү токтоткон.

Мэриядан акыркы жылдарда калкты таза суу менен камсыздоо негизги маселе болуп жатканын белгилеп, бир адам үчүн суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өскөнүн билдирген. Суунун тартыштыгына мөңгүлөрдүн жай эриши да себеп болуп жатканы айтылган.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айдын ичинде чечилерин айтып, кийинки жылы маселе чыкпагыдай аракет жүрүп жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арча-Бешик: Таза суунун жоктугунан улам тургундар жол тосуп, кийин каттам жанданды