УКМК: Чүй облусу менен Бишкектин айланасында «Йакын-Инкар» агымынын активдүү мүчөлөрү кармалды

9-июнь күнү Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагынан «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү 15 мүчөсү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 12-июнда УКМК маалымдады.

Маалыматка ылайык, «Экстремисттик уюм түзүү жана каржылоо» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жеринде тинтүү жүргөн.

«Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында экстремисттик мунөздөгү, тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылды. 15 киши милиция бөлүмүнө жеткирилип, башчысы делген Г.Ю. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Ушул тапта тиешелүү экспертизалар жүргүлүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

«Йакын-инкарчылар» деген кимдер?

«Йакын-Инкар» Кыргызстанда «Таблиги жамааттан» өзүнчө бөлүнүп чыккан агым катары айтылып келет. 2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту «Йакын-Инкар» агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон.

«Йакын-инкарчылар» «балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбош керек» деген сыяктуу көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

Учурда өлкө боюнча бул агымдын канча тарапташы бар экенин көрсөткөн так маалымат жок. Бул агым өлкөдө экстремисттик уюм катары тыюу салынганга чейин эле катарын көбөйтүүгө жетишкен. «Йакын-ИИнкар» кыймылынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон.

Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра башташкан.

«Йакын-Инкар» Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргенге чейин айрым аалымдар «инкарчыларды» коомго зыяны жок, бирок заманбап жашоону тангандыгы менен өзгөчөлөнгөн адамдар катары баалап келишкен.

Автор: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Араван районунда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалды