Кыргызстанда КМШда изделип жаткан адамдардын жүзүн аныктаган система ишке кирди

Кыргызстандын аймагында адамды жүзүнөн таануучу функциясы бар сырткы видео көзөмөл камералары ишке киргизилди, бул камералар КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарды жүзүнөн таанып аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2-июндан тартып аталган камералардын жардамы менен сегиз күндүн ичинде КМШ өлкөлөрүндө издөөгө алынган 57 адам табылып, милицияга жеткирилген.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМден жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасоого айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган Кыргызстандын жарандары экенин белгилешти. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда эле издөөгө жарыялангандар.

Ошондой эле мекемеден Орусиянын жана Өзбекстандын 4 жараны кармалганын билдиришти.

«Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөрү бар», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Жалпысынан Орусиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген.

Июндун башынан бери Кыргызстанда орусиялык үч саясий активист кармалган.

6-июнда аскер комиссариатын өрттөп кетүүгө айыпталган, согушка каршы чыгып жүргөн активист Алексей Рожков Кыргызстанда кармалганы белгилүү болгон. Алексей өзү УКМКнын кызматкерлери «эгерде кызматташпасаң, кыйнайбыз деп коркутушканын» айткан.

Ал эми 9-июнда Бишкекте Орусиянын «Левый блок» коомдук кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалганы маалым болгон. Эки күндөн кийин — активист Алёна Крылова кармалган. Орусияда экөөнө тең кылмыш иштери козголгон.

Скорякин менен Крылованын адвокатынын айтымында, анын кардарлары Кыргызстандан баш паанек сурашкан.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.