Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Кыргызстандагы аймагына «эч кандай эс алуучу жай, курорт курбайт» деп ишендирди. Ал бул тууралуу соцтүйүндө «жалган маалымат» тарап жатканын 13-июнда билдирди.
«Келишимде көрсөтүлгөн нормалар бузулбай сакталат. Суу сактагычтын платинасын башкаруу теңме-тең эки өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кыргызстан тараптагы аймактын жашоочулары сууну колдонуу, сууга түшүү жана пайдалануусуна чектөө болбойт», — деди ал.
Ошондой эле Орунбеков социалдык тармактарга «жалган билдирүү тараткандар — айрым саясий топтун тарапташтары» деп эсептейт.
«Мындай маалыматты таратуу менен бирге, элде нааразычылык маанай жарата турган чакырыктарды кылышууда. Атайын чагымчыл маалыматтарды жайылтуу менен, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшүүдө», — деди ал.
Кемпир-Абадга курорт куруу боюнча буга чейин «Кабарлар» басылмасынын жаңылыгында гана айтылган. Материал «Өзбекстандын Кампирровод аймагында 250 миллиард сумга пляж куруп жатат» деген баш тема менен жарыяланып, бирок кийин өчүрүлгөн. «Клооптун» маалымат талдоочулары «Кабарлар» таянган билдирүү 2021-жылга таандык экенин жана анда Өзбекстандын аймагы тууралуу сөз болгонун аныкташкан.
Өткөн жылдын ноябрында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялап жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да депутаттарга «Өзбекстандын суу сактагычтын айланасына туристтик борбор куруу ниети жок, бул болгону чагымчылардын ушагы» деп ишендирген.
Кемпир-Абаддын айланасына курорт куруу тууралуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге өткөн жылы кол коюлган. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияны башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турган.
Кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад келишиминин айланасында уу-дуу болушкан. Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Акыл Айтбаев «Өзбекстанда өзбек тилинде жарнамалар кетип атат: алар суу сактагычка курорттук зона курабыз деп жатышат» деп билдирген.
Кийин өзбекстандык саясий эмигрант, Erkin O’zbekiston кыймылынын негиздөөчүсү Хасанбой Бурханов «Клоопко» кыргыз бийлиги четке кагып жаткан суу сактагычтын жанындагы курорттук аймак долбоору жөнүндө маалымат берген.
«Андижан суу сактагычынын (ред: Кемпир-Абадды Өзбекстан ушундай атайт) айланасына да курорттук аймак куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын ЖМКсынан жана бул кырдаал менен жакындан тааныш болгон адамдардын өздөрүнөн уккам», — деген ал.
Ошондой эле ал 2018-жылы Өзбекстан өзүнүн 18 суу сактагычын экотуризм үчүн ачканын белгилеген. Анын айтмында, ишкердик субъектилер жана инвесторлор суу сактагычтын айланасындагы жерлерди узак мөөнөткө ижарага алып, курортторду, жолдорду куруп, суу сактагычтарга экотурларды уюштурууга укук алышкан.
«Тизмеге көңүл буруу керек: биринчи этапта Андижан, Жизах, Кашкадарья, Наманган, Самаркан, Сурхандарья, Ташкен жана Фергана облустарында жайгашкан суу сактагычтар ачылган. Ал эми Андижан облусунда Кемпир-Абаддан башка суу сактагыч жок. Өзбекстандын расмий документтеринде бул суу сактагыч Андижан суу сактагычы деп аталат», — деген ал.
Кемпир-Абаддын айланасындагы чуу
Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.
Кармалгандардын айрымдары азыркыга чейин абакта. Алар эч кандай күнөөлөрү жок экенин айтышууда. Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп аташууда.
2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берип, кийинчерээк шаардык сот жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.