УКМК: Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 14-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү кызматкер өзү тергеп жаткан Ала-Бука райондук сотунда каралган иш боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалап, ири өлчөмдөгү пара алып жатканда колго түшүрүлдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин, 19-апрелде Свердлов райондук прокурорунун улук жардамчысы 5 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү Абдубали Борбугулов өзү тергеп жаткан соттук иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Прокурордун улук жардамчысы 5 миң доллар пара алып жатканда кармалды

УКМК: Раззаков шаарында өзүн прокурор деп тааныштырып, авто унаа уурдаган жаран кармалды