Депутат Надира Нарматова «МедиаХабдын» журналистин сотко берерин билдирди

Депутат Надира Нарматова парламенттин 15-июндагы жыйынында «МедиаХабдын» журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Нарматова «Медиахабдын» ал тууралуу чыгарылышы «анын аброюна шек келтирди» деп эсептейт.

Жыйында Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун «мамлекетте тартип болсун» деп демилгелегенин белгиледи.

«[...] мамлекеттин ичиндеги тартип үчүн [...] кайдан каражат келип, кайда жумшалып, мамлекетке эмне пайда-зыяны бар экенин көзөмөлгө алуу үчүн мамлекеттик көзөмөл болушу керек. [...] Тилекке каршы, бүгүнкү күндө, менин жекече аброюма шек келтирип, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, кечээ Асел Шамилова деген бир журналистпи, блогерби билбеймин, Али Токтакуновдун блогунан Ютубга материал чыгарып, менин үй-бүлөмө чейин, көзү өтүп кеткен балама чейин, басып өткөн жолумдун баарына жалаа жаап, менин саясаттагы ордума, жекече аброюма шек келтирип [...] таркатып, мени күнөөлөп жатат. [...] [Менин мыйзам долбоорум] сөз эркиндигине эч кандай [доо кетирбейт]. Мен жазган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин сайтында илинип турат. Акыл-эси жайында, билим деңгээли жетиштүү адамдар ошол долбоордо 17-беренеде так көрсөтүлүп жазылып турат», — деди ал.

Депутат Шамилованы сотко берерин, журналист «ошол жерден ал коррупционер же коррупционер эмес экенин далилдеп берсин» деп кошумчалады. Ошондой эле Нарматова «Кудай алдында таза экенин» белгиледи.

«МедиаХабдын» башчысы Али Токтакунов Нарматованын билдирүүсүнө редакция Нарматованын «кандай гана доосу болбосун жооптошконго даяр» экенин айтып жооп берди.

«Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык», — деп жазды ал.

Нарматованын нааразы болуусуна себеп болгон «МедиаХабдын» видео материалы 14-июнда чыккан. Чыгарылышта журналисттер депутаттын өмүр таржымалын жана карьерасын айтып беришкен.

Негизинен анда Нарматова 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышканы, партия коррупция боюнча айыпталып күнөөсүн мойнуна алган Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштуу болгону айтылган. Видеодо Нарматованын үнүнө окшош аялдын белгисиз бир адамга айылдардын биринде жергиликтүү тургундар «Мекеним Кыргызстан» үчүн добуш берсин деп орнотуп берген трансформаторду барып алып кет деп айтканынын үн жазмасы келтирилген.

Надира Нарматова — коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси, бул мыйзам боюнча Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга алар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюу сунушталып жатат. Орусияда бул сыяктуу мыйзам кабыл алынгандан кийин дээрлик бардык укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын жабылышына алып келген.

Мурдараак «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан. Ушундай эле өтүнүч менен депутаттарга медиа коомчулуктун өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кайрылышкан.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен.