Сот диндер аралык кастыкты козутууга айыпталган журналист Зулпукар Сапановду актады

Зулпукар Сапанов

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «диндер аралык кастыкты» козутууга айыпталган журналист Зулпукар Сапановду актады. Бул тууралуу 15-июнда «Клоопко» соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, журналистти актоо чечими үстүбүздөгү жылы 29-майда чыгарылды.

«Учур» гезитинин башкы редактору Сапанов «Кыдыр санжырасы» аттуу китебинде «диндер аралык кастыкты» козуткан чакырыктар бар деген негизде 2017-жылы 12-сентябрда камакка алынган. Сапанов сот залынан кармалып, төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Кийинчерээк, ошол эле жылдын 29-сентябрында Бишкек шаардык соту журналистти сот залынан бошотуп, эки жыл Жаза аткаруу кызматынын каттоосунда жүрүп, мыйзам бузбаса, жазасынан толук бошотулмай болгон.

Журналист «Кыдыр санжырасы» аталышындагы китебинде «Курандагы акылман — Кыдыр кудай болуп эсептелип, ал эми Аллах шайтан болуп калабы?» деп суроо салган.

Ошондой эле, автор өзүнүн китебинде кыргыздардын байыркы диний ишенимдерин, Куран, Библия, Тоорат жана башка ыйык китептердин жазмаларын кеңири изилдеген. Автор «диний кызматкерлер учурда элге Аллахка ишенүүнү таңуулап жатат» деп бүтүм чыгарган.

Китептин жарыкка чыгышына нааразы болгон Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү башкы прокуратурага арыз жазышкан. Дин башкармалыгы Сапановдун китеби «мусулмандардын диний баалуулуктарын кемсинтет» деп билдирген.

Ошондон кийин башкы прокуратура «Улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналист Зулпукар Сапанов «диндер аралык кастыкты» козутканы үчүн эркинен ажыратылды

Журналист диндер аралык кастыкты козутуу боюнча соттолууда

УКМК журналист Сапановдун китебинин айынан анын үйүн тинтип чыкты

Журналист Сапанов муфтият тарабынан аңдылып жатканын айтууда