Кожокеленде жер көчкү жүргөн аймактан 39 адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кожокелен айылында жер көчкү активдешип 39 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу 15-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта эски жер көчкү жылып 5 үйгө коркунуч жаралган. Анын болжолду көлөмү жүз миң кубометрди түзгөн.

Учурда аталган аймактан 39 жашоочу коопсуз жайга көчүрүлдү. Көчкүгө атайын белги орнотулуп, көзөмөлгө алынды. 

Буга чейин, 22-мартта, Өзгөн районунун Карл-Маркс айылында 1 млн кубометрге жакын көлөмдөгү жер көчкү түшүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Жер көчкү тургундардын үйүнө 300 метрдей жетпей калган. Ал жылып отуруп 120 метр аралык калган.

Мындан улам 18 турак үйгө коркунуч жаралып, тургундар эвакуацияланган. 

Аталган аймактагы жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 2022-жылдын сентябрында корутунду чыгарып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керектигин эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Карл-Маркс айылында жер көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал киргизилип, тургундар эвакуацияланды

ӨКМ жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыкты алдын алуу боюнча ири долбоор баштады