ӨКМ жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыкты алдын алуу боюнча ири долбоор баштады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыктын алдын алуу боюнча ири долбоор башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 39 миллион АКШ доллар бөлгөн. Адистер кооптуу деп эсептелген 44 аймакта изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

«Адистер текшерип бүттү, тиешелүү чечим чыккан соң, Кыргызстанда биринчи жолу жер көчкү жүрө турган тилкелерде топуракты атайылап тектирлеп түшүрүү ыкмасы менен табигый кырсык жоюлат», — деп белгилешти министрликтен.

Акыркы жалдары өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон табигый кырсыктар бир нече жолу катталган. 2020-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан — Кара-Кече жолунун 37-чакырымында тоо көчүп, жол тосулуп калган.

Ушундай эле кырсык 2017-жылы дагы катталган. Анда Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай айылында жер көчүп, массасы 1 миллион куб метрди түзгөн көчкү 11 үйдү басып калган — алты үйдө адамдар бар болгон.

Жаратылыш кырсыгында 24 киши жер астында калып, алардын сегизинин сөөгү казып алынган. Анын ичинен үчөө жашы жете электер болгон. Ал эми калган 16 адамдын сөөгүн казып алууга мүмкүн болбой, Кыргызстан диний аалымдар кеңешинин буйругу менен маркумдарга жеринде жаназа окулган.

Буга чейин, 13-августта табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1 тик учак жана 34 атайын техника тапшырылган. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, техника алууга республикалык бюджеттен 384 миллион 140 миң сом бөлүнгөнүн билдирген.

Тема боюнча:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 400 миллион сомго алынган атайын техникалар тапшырылды