Футбол: Кыргызстан «Улуттар Кубогу-2023» мелдешинде үчүнчү орунга ат салышат

16-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдешинин тайпалык оюнунда Ирандын командасына 1:5 эсебинде жеңилди.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Кыргызстандык футболчуларды колдоп оюнга президент Садыр Жапаров дагы келди.

Беттештеги алгачкы үч голду ирандык Мехди Тареми киргизсе, калган эки голду дарбазага Сердар Азмун багыттады. Кыргызстан курамасы үчүн жалгыз голду чабуулчу Мирлан Мурзаев киргизди.

Буга дейре Кыргызстан курамасы Иран менен төрт жолу беттеш өткөргөн — бардык оюнда ирандын курамасы жеңишке ээ болгон.

«Улуттар Кубогу-2023» мелдешинде Иран Кыргызстанды жеңүү менен В тайпасында алдыңкы орунга чыкты. Финалда А тайпасында биринчи орунду ээлеген Өзбекстан курамасы менен ойнойт. Кыргызстан үчүнчү орунга ат салышат —  А тайпасында Тажикстан, Оман, Түркмөнстандын кайсынысы экинчи орунга ээ болсо, ошол команда менен беттешет.

«Улуттар Кубогу-2023»

«Улуттар Кубогу-2023» (CAFA NATIONS CUP-2023) — Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлчү футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Беттеш тайпалар ичинде бир айлампа менен өткөрүлөт. Эки тайпанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду ээлегендер үчүнчү орунга ат салышат. Финалдык беттеш Ташкен шаарында өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Футбол: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасын жеңди