Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

17-июнда президент Садыр Жапаров УКМКнын Талас облусундагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн имаратта бардык шарт бар экени айтылат.

Жапаров өлкөн өнүгүүсүн шарттаган олуттуу максаттарды ишке ашырууда УКМКнын орду чоң экенин белгиледи. Ал кызматкерлерге шар түзүү алардын «эл үчүн иштөөсүнө дем, күч берет» деп эсептейт. 

«Айрыкча азыркы мезгилде: тышкы, ички коркунучтар менен чакырыктар болуп жаткан маалда жана геосаясий кырдаалда УКМК өтө жоопкерчиликтүү милдеттерди жүктөп эле койбостон, мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү жаатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кызматкерлердин кызматтык жана социалдык шарттары жакшыртылууда», — деди ал.

УКМКнын Талас облусундагы башкармалыгынын 1000 чарчы метрди түзгөн эски имараты 1936-жылдарга таандык. Ал эми жаңысы өткөн жылдын июнь  айында курулуп башталган болчу.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш иш-чаралары салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын ачыкка чыгарышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты