Президент УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу 13-майда өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имарат эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылып, бардык шарттар түзүлгөн.

«Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт», — деп жазылат маалыматта.

Жапаров улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып жатканын айтты.

«Мамлекет тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тиешелүү иштердин инновациялык багыттарын ар тараптуу колдоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары мамлекет мындан ары да натыйжалуу иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат», — деди өлкө башчысы.

УКМКнын жаңы имараттары

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын ондон ашык гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, айрым учурда президент Садыр Жапаров дагы катышып келген.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ЖМКга белгилүү болгон УКМКнын жаңы имараттары ачылган жерлер: