«Көмүр мафиясы». Энергетика министрлигинин жана «Кыргызкөмүрдүн» жооптуу кызматкерлери кармалды

Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпбеков жана «Кыргызкөмүр» ишканасынын коммерциялык директору «коррупциялык кылмышка катыштыгы бар» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 19-июнда УКМКдан кабарлашты.

Шектүүлөр Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) багытталган «наркы миллион сомдук көмүрдү уурдоо» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү.

Маалыматка ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында «көмүр мафиясы» тарабынан Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБине көмүр ташууда 15 970 тоннага чукул көмүр уурдаганы аныкталды. Анын наркы 40 миллион сомдон ашат.

«Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Шектүүлөр коррупциялык кылмышка катышканы үчүн кармалды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

«Кыргызкөмүрдөгү» коррупция

Буга чейин «Кыргызкөмүр» ишканасынын Балыкчы филиалында көмүр уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схемасы аныкталган. УКМК «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, филиалдын директорунун орун басарын кармаган.

Ал эми өткөн жылдын июлунда Башкы прокуратура «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктаган.

Анда ишканын жетекчилиги жана жоопту кызматкерлери Кара-Кечеден Балыкчыга 200 миң тонна көмүр жеткирүүдө компаниялар менен эки эсе жогору баада келишим түзгөнү айтылган.

Бул боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Кыргызкөмүр» ишканасында көмүр уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды