ЖЭБди газга өткөрүү, тигүү цехтеринин калдыктарын сатып алуу — Өкмөттө смог маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 19-июнда алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана Бишкекте түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеде жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев республиканын ири шаарларында экологияны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, Бишкек шаардык ЖЭБин отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча эсептери менен дагы тааныштырды. Анын айтымында, борбордук ЖЭБ жаратылыш газына өтсө көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат.

Андан кийин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадыгы 22 откана газ менен жылытууга өткөрүлүп жатканын айтып берди. Андан тышкары, мэр 800 автобустун келиши күтүлүп жатканын, бул Бишкектин көчөлөрүндө унаалардын санын бир топ кыстартып, машиналардан бөлүнүп чыккан газдарды азайтарын билдирди.

Андан тышкары, мэрдин айтымында, «тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын муниципалитет тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат», ошондой эле жылдын аягында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу ишке кирет. Мэр таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлгөнүн дагы кошумчалады.

Кеңешменин жыйынтыгында минкабдын башчысы ЖЭБди жаратылыш газына өткөрүү, калкка жаратылыш газын кошууга жана газ казандарын сатып алууга пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөөнүн дифференцияланган системасын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Жакынкы арада бул маселе боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Эгерде биз пландагандын баары ишке ашырылса, түтүн маселеси чечилет», — деп жыйынтыктады Жапаров.

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар, Бишкек ЖЭБи дагы себеп экенин айткан.

Калаа мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн 1,7 млрд сом талап кылынат.

Башкы беттеги сүрөт: Бектур Стамкулов / «Азаттык».