Өлкөдө фонограмма менен ырдоо үчүн 28 миң сомго чейин штраф салуу сунушталууда

Маданият министрлиги артисттерге фонограмма менен ырдаганы үчүн салынуучу айып пулдун көлөмүн аныктады. Мекеме фонограмма үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн 20-июнда koomtalkuu.gov.kg сайтына жарыяланды.

Фонограмма колдонуу үчүн айып республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлгөн жана уюштурулган массалык маданий иш-чараларда салынат.

Ошондой эле Маданият министрлиги «маданият жөнүндөгү» мыйзамга «Фонограммаларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү» деген жаңы беренени киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, артисттерге үн жаздырылган фонограмма менен чыгарма аткарууга уруксат берилбейт. Бир гана минустук фонограммага уруксат берилет — мында сөзү жок музыканын өзү гана жаздырылат.

Токтом долбооруна ылайык, «мамлекеттик маанидеги иш-чараларды, ошондой эле телевидение каналдарынан түз эфирге тартуу жана көрсөтүүдө» фонограмма колдонууга уруксат берилет. Ошол эле учурда уюштуруучулар иш-чарада фонограмманын кандай түрлөрү колдонуларын Маданият министрлигине кабарлашы керек болот.

Өлкөдө 2023-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мекемелерде жана массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынган. Театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей жана китепканаларда фонограмма менен ырдоого болбойт.

Башкы сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык».