Оштогу сапатсыз тротуарлар: Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду

Ош шаарында курулган тротуар. Сүрөт: Медер Абдыманапов

Ош шаарында салынган тротуарлардын сапаты начар экени аныкталып, Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-июнда «Клоопко» Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы шаардагы жалпы 22 километр узундуктагы тротуар курууга мамлекеттик казынадан 148 млн 900 миң сом, ошондой эле 6 километр тротуар курууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, жолдор салынган.

Ош шаардык прокуратурасы жолдун сапатына текшерүү жүргүзүп, төшөлгөн асфальттардын сапатсыз экенин аныктады. Асфальттардын үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр анын талапка жооп бербей турганын көрсөткөн.

Бул факт боюнча Ош шаардык Жолдор башкармалыгы муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Буга чейин 27-майда «Азаттык» үналгысы Ош мэриясына караштуу Жолдор башкармалыгы өткөргөн миллиондук тендерлерине ишкананын кызматкерлери өздөрү катышып, утуп келгенин аныктаган.

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, кызматкерлердин алды 70 миллион сомдук тендерди утуп, салган жолдору боюнча чуу да чыккан. Ал эми муниципалдык ишкананын жетекчиси Арзыбек Жунусов кызматкерлердин тендерге катышканын моюндап, бирок муну мыйзамдуу деп атаган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Жолдор башкармалыгынын миллиондук тендерлерин ишкананын кызматкерлери утуп келгени аныкталды

Ош: 7 ай мурда салынган тротуарлардын 60%ы жараксыз деп табылды, башкармалык аны четке кагууда

Ош шаарында 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, чөп өсө баштады