Парламент спикери Эдил Байсаловдун сөздөрү көз жаздымда калбасын билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев 21-июндагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун комитет жыйынында айткандары көз жаздымда калбасын билдирди. 

Бул тууралуу Шакиев Байсаловдун 20-июнда парламенттик комитеттин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев менен кайым айтышуусуна байланыштуу реакциясын билдирип айтты.

Аталган жыйында айрым депутаттар Саламаттык сактоо министрлигинде ажырым бар болушу мүмкүн дешкен. Байсалов министрликти коргоп сөз алып, депутаттарга аткаруучу бийлигинин өкүлдөрүнөн «экзамен албай», кат түрүндө берилип жаткан жоопторго ыраазы болгула деп айткан. 

Жамгырчиев Байсаловго эскертүү жасап, кат түрүндө жооп алган туура эместигин айткан.

«Комментарий бербеңиз. Эгерде жоопторду кат түрүндө алсак, анда жыйында чогулуп эмне кереги бар? Анда жазуу түрүндө жоопторду берип, өзүңөр мыйзам чыгаргыла да. Эдил Жолдубаевич, угуп туруңуз, мен сизге сиздин иңиниз катары, адам, кесиптеш катары сүйлөп жатам. Сиз качан келбеңиз, дайыма терс жагдай калтырасыз», — деген Жамгырчиев. 

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Байсаловдун комитет жыйынында айткандары боюнча чиновник «мыйзам чыгаруучу бийликтин жана аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип» жатат деген реакциясын билдирди. Анын айтымында, Байсалов «ойлонбогон, жоопкерчиликсиз сөздөрдү» сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине чакырылышы керек. 

«Биз бул маселени көз жаздымда калтырбайбыз, мен дароо эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, каттуу талаптарды, эскертүүлөрдү бердим, эгерде дагы ошондой көрүнүштөр кайталана турган болсо, анткени бул биринчи жолу эмес», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттар Байсаловдун кызмат ордуна байланыштуу маселени караша турганын да кошумчалады. 

«Бул боюнча бүгүн президент менен сүйлөшөм, эч качан Министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламенттин аброюна шек келтиргенге укугу жок, ага жол бербейбиз», — деди Шакиев

Дагы окууңуз: Адатта, саясий окуяларды утурлай бийликчил фейктер жанданат. Чабуул кезеги Байсаловго жетти