Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына койгон чектөөсүн алды

Россельхознадзор Кыргызстандан Орусиянын аймагына сүт азыктарын, форель жана форель икрасын алып кирүүгө коюлган чектөөнү алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Орусия тарап бул чечимин Кыргызстандын ветеринардык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин чыгарган. Веткызмат «Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жойгону» маалымдалды.

Россельхознадзор балыкты кайра иштетүүчү «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» жана «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк» жана «Ала-Тоо Сүт» сүт ишканаларынан чектөөлөрдү алды.

«Россельхознадзор Кыргызстандын аталган ишканаларынан балык жана сүт азыктарын Орусиянын аймагына жеткирүүнү жандандырууну чечти. Россельхознадзор ошондой эле балыкты кайра иштетүүчү “А2” жаңы ишканасына балык жеткирүүгө уруксат берди. Орус тарап менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Россельхознадзор Кыргызстандын жогоруда аталган ишканаларынан убактылуу чектөөлөрдү алып салгандыгы тууралуу расмий ырастоосу күтүлүүдө», — деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.

Кыргыз продукциясына коюлган чектөөлөр жана бизнестин жоготуулары

Орус тарап Кыргызстандын агропродукцияларына тыюуларды жыл башынан тартып эле киргизе баштаган. Мындай чектөөлөр агроөнөр жай тармагында чоң жоготууларга алып келген — Орусияга форелди экспорттоого убактылуу чектөө коюлгандыктан кыргыз бизнеси 4 млрд сомдой жоготууга учараган.

Россельхознадзор Кыргызстандын форель жана икрасын киргизүүгө убактылуу тыюуну февраль айында салган. Анда мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан барган форелдерде зыяндуу заттар нормадан ашык болгон учур бир нече жолу аныкталганын билдиришкен.

Кийинчерээк апрелде Россельхознадзор Кыргызстандан кирген халал колбасасында чочконун ДНКсы менен соя табылганын билдирген. Бул соцтүйүндөрдөгү кыргыз сегментинде кызуу талкууларды жараткан.

Орусиянын ведомствосу ал эт продукциясын өндүргөн «Тойбосстун» продукциясы экенин айткан. Компаниядан «колбасаларга эч качан чочконун эти кошулбасын жана бир да жолу шариат менен союлбаган мал этин колдонуп көрүшпөгөнүн» билдиришкен.

Ошондой эле Россельхознадзор Кыргызстандан барган 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүндө ГМО аныктаган.

Автор: Салия Хурова.