Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси каралат

Бүгүн, 22-июнда, Жогорку Кеңештеги пленардык жыйында депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуудан сырткары минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү каралат.  Күн тартипте аталган эки маселени кароону 61 депутат колдоду

Маалыматка караганда, Байсаловду кызматтан алууну «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Мекенчил» фракциялары сунуштаган. 

Бул маселе Байсаловдун 20-июнда депутаттар менен кайым айтышуусунун шартында келип чыкты. Анда Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутат Эмил Жамгырчиевге «элдин атынан сүйлөбөңүз» деп айткан. Ошондой эле «министрлер кабинетин түзгөн президент гана элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана экенин» билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Байсаловдун комитет жыйынында айткандары боюнча чиновник «мыйзам чыгаруучу бийликтин жана аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип» жатат деген реакциясын билдирген. Анын айтымында, Байсалов «ойлонбогон, жоопкерчиликсиз сөздөрдү» сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине чакырылышы керек. 

«Биз бул маселени көз жаздымда калтырбайбыз, мен дароо эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, каттуу талаптарды, эскертүүлөрдү бердим, эгерде дагы ошондой көрүнүштөр кайталана турган болсо, анткени бул биринчи жолу эмес», — деген ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттар Байсаловдун кызмат ордуна байланыштуу маселени караша турганын да кошумчалаган. 

«Бул боюнча бүгүн президент менен сүйлөшөм, эч качан Министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламенттин аброюна шек келтиргенге укугу жок, ага жол бербейбиз», — деген Шакиев. 

Дагы окууңуз: Адатта, саясий окуяларды утурлай бийликчил фейктер жанданат. Чабуул кезеги Байсаловго жетти