Парламент кызматтан алууну сунуштаган Эдил Байсаловго мамлекеттик чин ыйгарылды

Сүрөт: Министрлер кабинети

Өлкө башчысы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси чинин ыйгарды. Бул тууралуу 23-июнда министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байсаловго жаңы чин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата берилген. Ага класстык чин ыйгаруу тууралуу күбөлүктү минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров өзү тапшырды.

Класстык чин – административдик кызмат ордун ээлеген ар бир кызматкерге жекече ыйгарылуучу атайын наам.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар минкабдын төрагасынын орун басары Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алышкан. «Ишеним» фракциясынын лидери, депутат Улукбек Ормонов «Байсаловдун билдирүүлөрү Жогорку Кеңештин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди» деп түшүндүргөн.

Байсалов өзү парламенттин чечимине комментарий бере элек.

Президентке Байсаловду кызматтан алууну депутаттар минкабдын өкүлү депутаттардын дарегине кезектеги жолу жагымсыз сөздөрдү айтып, 20-июнда парламент комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев менен кайым айтыша кеткенден кийин сунушташты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш президентке Байсаловду кызматтан алууну сунуш кылды